Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Малайзияда эл аралык адал продукциялардын көргөзмөсү өтөт

Дүйнө
15 - Март 2017
www.erkintoo.kg
265
5-апрелде, Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында адал продукцияларынын кезектеги көргөзмөсү старт алат. Уюштуруучулардын расмий сайтында кабарлангандай, көргөзмөдө азык-түлүк, фармацевтика, косметика каражаттарына өзгөчө басым жасалат. Эл аралык адал көргөзмөсүнө 70тен ашуун өлкөдөн сатып алуучулар келери билдирилген. Ошондой эле, көргөзмөнүн алкагында Бүткүл дүйнөлүк адал конференциясы жана сертификациялоо борборлорунун съезди өтөт. Көргөзмө 5-9 апрель күндөрү болуп, 4 күнгө уланат. Эскерте кетсек, мындай масштабдуу адал продукцияларынын көргөзмөсүн дал ушул Малайзия өлкөсү биринчилерден баштап өткөрө баштаган. Андан соң Түркия, Россия, Казахстан, Нидерланды өлкөлөрү улантып кеткен.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.