Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Мадуро мунай казуучу өлкөлөрдү кыдырат

Дүйнө
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
303
Венесуеланын президенти Николас Мадуро ушул жылдын аягына чейин мунай казуучу бир катар өлкөлөргө расмий сапар менен барат. Бул тууралуу түштүк америкалык мамлекеттин башчысы телеэфирде сүйлөгөн учурунда билдирди. Анткени, Мадуро дүйнөлүк мунай рыногун турукташтыруу боюнча күч-аракеттерин улантууга умтулууда. Бирок, ал кайсы өлкөлөргө бара тургандыгын айтпады.
“Жакынкы күндөрү мен жыл аягына чейин калган күндөрдү пайдаланып, рынокту турукташтыруу, алдыдагы 10 жылга болжолдуу бааны кармоо боюнча макулдашылган формуланы кабыл алуу үчүн бардыгын жасоо багытындагы  кадамдарды толук бойдон жөнгө салуу үчүн бир катар мунай казуучу өлкөлөрдү кыдырууга жөнөп кетем”, - деп белгиледи Мадуро. Ал дагы деле аракетке келе элек мурда жетишилген  макулдашуулардын фонунда венесуелалык мунайдын баррелинин баасы 45,13 долларга чейин өсүп жеткендигин да кошумчалады.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.