
Курс НБ на 26.02.2021 $84,7500 €102,9628

Лениндин портрети сатыкка коюлду
Монголиянын борбору Улан-Батордогу “Mon Art” жана “Only art” галереялары 22-майда онлайн-аукцион өткөрүүгө камылга көрүүдө. Аукциондо монгол чеберлеринин колунан жаралган живописттик жана портреттик эмгектер сатыкка коюлат. Алардын эң кызктууларынын бири – дүйнөлүк пролетариаттын жол башчысы Владимир Ильич Лениндин күмүш жиптерден токулган портрети. Анын баштапкы наркы 1 миллион тугрикке же болжол менен $357 миңге бааланууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек