Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

Кызыл чырым Ооганстандагы ишмердүүлүгүн токтотту

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
387
Кызыл чырымдын эл аралык комитети Ооганстандагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткондугу кабарланууда. Ушул аптада  миссиянын гуманитардык кербенине куралдуу кол салуу болуп, алты кызматкери каза болгон. Алар калың жааган кардан жабыркаган өлкөнүн түндүгүндөгү жашоочуларга жардам алып баратышкан. Ооганстандын Жаузжан провинциясынын губернатору гуманитардык кербенге «Ислам мамлекети» экстремистти тобунун согушкерлери кол салган болушу мүмкүндүгүн билдирген.
Кызыл чырымдын башчысы окуяны акыркы 20 жыл ичиндеги «эң жаман кол салуу» деп атады. Учурда кайрымдуулук уюмунун 8-февраль күнү кечинде жоголгон эки жумушчусун издөө иштери уланууда. «Биздин операцияларыбыз чынында эле убактылуу токтоду, аларды калыбына келтирээрден мурун биз эмне болгонун так аныктап алышыбыз керек», — деди комитет директору Доминик Стиллхарт. Ал Кызыл чырымдын Ооганстандагы эл аралык гуманитардык программасы чоңдугу жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда турарын кошумчалады. Буга чейин уюм коопсуздук маселелеринин көбөйүшү өлкөдө гуманитардык жардам жеткирүүдө тобокелдиктерди жаратып жатканын эскерткен,-делет  Борбордук Азиянын Кабарлар кызматынын маалыматында.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.