Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

Кызыл аянттагы Лениндин мавзолейин эки айга жабышат

Дүйнө
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
337
Кызыл аянттагы мавзолейди келип көрүүлөр үчүн ушул жумада жабуу баарыдан мурда Лениндин бальзамдаштырылган денесин сактоону камсыз кылууга байланышкандыгын бул иштерди жүргүзүү менен кабардары бар булак “Интерфакска” айтып берген.
Мурда Федералдык коргоо кызматынын басма сөз жана коомчулук менен байланыштар боюнча борбору Кызыл аянттагы В.И.Лениндин мавзолейи пландуу алдын-алуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-февралдан тартып 16-апрелге чейин келүүчүлөр үчүн жабыла тургандыгын маалымдап, кандай мүнөздөгү жумуштар аткарылаарын айтышкан эмес.
Атайын булак маалымдагандай, бул жолку алдын-алуу иштери жол башчынын денесине тийиштүү жагдайларда жүргүзүлөт, бирок Леинин кийип турган костюмду  алмаштыруу пландаштырылган эмес. Ушуга байланыштуу  иштерди аткаруу учурунда анын денеси мавзолейде эле болот, деп кошумчалады ал. Бул жумуштарды Бүткүл россиялык дары жана жыттуу өсүмдүктөр институтунун жана медико-биологиялык структуралар лабораториясынын адистери жүргүзүшөт.
Мындай пландуу алдын-алуу иштери эреже катары эки жылда бир жүргүзүлүп турат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.