Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

Кытайлар дагы бир жолу таң калдырды

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
615
Кытайдын Гуйчжоу провинциясында дүйнөдөгү эң бийик көпүрөнүн негизги кыр аркасын куруу аяктады. Бул туурасында кечээ, 12-сентябрда Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсү маалымдады.
 Бэйпаньцзян асма көпүрөсүнүн узундугу 1,34 километрди түзөт жана ал ушул аталыштагы капчыгайдын эки жээгин бириктирет. Капчыгай үстүндөгү бийиктиги 570 метр жана бардык артыкчылыктары жагынан дүйнөдө теңдеши жок. Бэйпаньцзян көпүрөсү аркылуу Ханчжоу (Чжэцзян провинциясы, Чыгыш Кытай) жана  Мьянманын чек арасына жакын жайгашкан Жуйли (Юньнань провинциясы, Түштук-Батыш Кытай) Көпүрөнүн курулушу 2013 жылы башталып, ага 1 млрд юанга жакын каражат сарпталган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.