Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Кытайдын жаңы рекорду

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
430
2016-жыл Кытай үчүн төрөлгөндөрдүн саны боюнча кылым башынан берки рекорддук жыл болду. 2011-2015-жылдары орточо 16,2 миллиондон бала төрөлүп турса, өткөн жылы 17,6 миллион ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул Казакстандын жалпы калкынын санына барабар.
Эске салсак, 1979-жылы киргизилген “Бир үй бүлө – бир бала” деген чектөө саясаты 2015-жылдын декабрь айында жокко чыгарылып, кытайлыктарга үй-бүлөдө экиден балалуу болууга уруксат берилген.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.