Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда быйыл тогуз жаңы аэропорт курулат

Дүйнө
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
377
Синьцзянда иштеп жаткан 18 аэропорт бар. Синьхуа агенттигинин жергиликтүү бийликтерге шилтеме жасаган маалыматына таянсак, эки аэропорт Шачэ жана Жопян уэздинде курулуп, ишке берилет. Учурда мындан тышкары, жети жаңы аэропортту курууга даярдыктар көрүлүүдө. Ошол эле учурда Корла жана Хэтянь шаарларындагы аэропорттор кеңейтилет.
Кошумчаласак, жакынкы 15 жылда Кытайда 1600 жаңы аэропорт курулат. Азыр Кытай боюнча жалпысынан 180ден ашык аэропорт бар. Гонконг, Гуанчжоу, Пекин, Санье, Үрүмчү, Шанхай аэропорттору Кытайдын эң ири аэропорттору. Ал эми Пекиндин борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Шоуду аэропорту жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Кытайдын эң биринчи аэророрту болуп эсептелген Шоуду 1958-жылы курулган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.