
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Кытайда Sinopharm вакцинасынын рынокко чыгуусуна уруксат берилди
Бул туурасында Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсүнө шилтеме жасаган РИА “Новости” кабарлады. Таасирдүүлүгү 79,34% деп табылган вакцинаны сатыкка чыгарылышы Тамак-аш азыктарын жана дары каражаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкармалык жактырган. Кытай коронавируска каршы вакцина табууга биринчилерден болуп киришкен өлкө деп эсептелет. Аталган вакцинаны сыноосуна чет өлкөлөрдө 60 миңден ашык адам катышкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек