Курс НБ на 16.10.2019 $69,8500 €77,0865

Кытайда салмагы 500 килограммдан ашык чочко өстүрүштү

Дүйнө
08 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
35
Кытайдын Гуанси провинциясында салмагы 500 килограммдан ашкан чочко өстүрүштү деп маалымдады Bloomberg агенттиги. Чочко фермасынын кожоюну Пан Цун Азияда жайылып жаткан чочко тумоосуна байланыштуу жаралган ажиотаждан пайда чыгарып калууну көздөгөн бизнесмендердин бири. Фермада чочколордун салмагы адатта 125 килограммга жеткенде этке союлат. Бирок, акыркы мезгилде, көбүрөөк эт өндүрүү үчүн чочколор 200 килограммга чейин семиртилүүдө.
Пан Цундун фермасындагы бир чочконун салмагы 500 килограммдан ашкандыктан, аны ак аюуга салыштырышууда. Кожоюн бул чочкону 10 миң юанга же 1,4 миң долларга сатууга ниеттенүүдө деп айтылат маалыматта. Кытай дүйнөдө чочко этин эң көп керектеген өлкө деп эсептелет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу