Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Кытайда iPhone 7 телефону жарылды

Дүйнө
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
444
Кытайдын Хэнань провинциясынын Чжэнчжоу  шаарынын  жашоочусу кызгылт  түстүү iPhone 7 аппаратынын жарылып кеткендигин айтып берген. Мындай маалыматты  РИА Новости China Daily гезитине шилтеме берип жазды. Маалымат  телефон аппараты жарылып кеткен кишинин айтып
берген видеосуна таянып билдирген. Маалыматтарга караганда, аталган жаран телефондун видео камерасын иштетип жатканда аппарат жарылып
кеткен. Жарылуудан улам ал колунан жана бетинен жаракат алган. Бул тууралуу  Apple компаниясынын Кытайдагы өкүлчүлүгү аталган  окуя туурасында өздөрүнүн башкы кеңсесине кабарлагандыгын билдиришкен.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.