
Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €101,1579

Кытайда балдарды ууландырган тарбиячы өлүм жазасына тартылат
Хэнань провинциясынын Цзяоцзо шаарынын орто тепкичтеги элдик соту балдарды ууландырган бала бакчанын тарбиячысын өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарды деп билдирди РИА “Новости”. Айыпталуучу Ван Юнь “Мэнмэн” деп аталган балдар бакчасында тарбиясы болуп иштеген. Ал орто курактагы топтун мугалими Сунь менен араздаша кеткендиктен, андан өч алуу максатында, аталган мугалимдин тобундагы балдардын боткосуна натрий нитритин кошуп койгон. Натыйжада 25 бала ууланган, алардын бири ооруканада каза болуп калган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ван Юнь ушундай эле жол менен 2017-жылы өзүнүн күйөөсүн да ууландырганы аныкталган. Бактыга жараша ал аман калган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Тергөөнүн жүрүшүндө Ван Юнь ушундай эле жол менен 2017-жылы өзүнүн күйөөсүн да ууландырганы аныкталган. Бактыга жараша ал аман калган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек