Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

​Кытайда 9,89 млн адам жаратылыш кырсыктарынан жабыр тартты

Дүйнө
13 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
70
Үстүбүздөгү жылдын май айында Кытайда жалпысынан 9 миллион 890 миң адам жаратылыш кырсыктарынан жабыр тартты деп маалымдады Синьхуа агенттиги. 43 киши каза тапты, 4 адам дайынсыз жана 127 миң адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу министригинин маалыматы боюнча 7 миңден ашык турак үйлөр жарактан чыкты, 5 миңи катуу жабыркады, 75 миңи орточо зыянга учурады. 82 миң гектар аянттагы өсүмдүктөр жок болду. Жалпы экономикалык чыгым 11,96 млрд юанды түздү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.