Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

​Кытай сапаттуу туризмдин жаны дооруна кадам таштады

Дүйнө
21 - Август 2019
www.erkintoo.kg
61
Кытайдын туризм академиясынын директору Дай Биндин берген маалыматы боюнча 2018-жылы Кытайдагы кирме-чыкма туризмдин көлөмү 140 миллион жана 150 миллион адамга жетти.
Испаниянын Севиль шаарында өткөн Саякат жана туризм боюнча Бүткүл дүйнөлүк кеңештин (WTTC) Глобалдык саммитинде “Дүйнөдөгү ички туризмдин экономикага таасири” жөнүндө доклад жарыяланды жана анда Кытай ички туризм боюнча дүйнөлүк ири рынокко айланды деп айтылат. Кытайлыктар сапаттуу эс алууга өзгөчө көңүл бура баштады.
WTTCтин изилдөөлөрүнө ылайык, Кытайда ички туризм ыкчамдык менен өнүгүүдө - 2017-жылы ички туризмдин керектөө көлөмү – 840,9 млрд долларга жетти. Кытай ички туризм боюнча 2008-жылы төртүнчү орунда турса, быйыл АКШдан озуп биринчи орунга чыкты деп маалымдады “Жэньмин жибао” басылмасы.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.