Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

Кытай бийликтери биткоиндерди өндүрүүгө тыюу сала турган болду

Дүйнө
12 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
140
Кытайда дүйнөдөгү бардын майнингдик кубаттуулуктардын 80%ы жайгашкан жана аларды жабуу биткоин рыногуна олуттуу залал келтирет деп маалымдады The Wall Street Journal гезити. Мындай чечимди Кытайдын Улуттук банкы кабыл алган. Аймактык бийликтер азыртадан эле жогору тараптын көрсөтмөлөрүн аткарууга киришүүдө.
Майнерлер биткоиндерди математикалык татаал схемалар аркылуу түзүшөт, ошондуктан аларга өтө кубаттуу компьютердик жабдуулар зарыл. Алардын “фермалары” негизинен калк аз жайгашкан электр энергиясы арзан жана климаты салкын райондордо жайгашкан. Акыркы 30 күндө биткоиндерди чыгарууга кеткен кубаттуулуктардын 80%ы Кытайдын үлүшүнө туура келген.

Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.