Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Кытай бийлиги гольф ойноочу “талааларды” жабат

Дүйнө
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
317
Кытайда гольф спорту миллиардерлердин оюну катары эсептелет. Экологияга зыян келтирилип, айрым корук жерлер бузулуп гольф ойноочу аянттар салынып кеткендиктен Кытайда 2011-жылдан тарта жаңы оюн аянттарын салууга уруксат берилбей келет. Жакында эле Кытай бийлиги ушундай мыйзамсыз жол менен салынган 111 оюн талаасын жабууга буйрук берди. 2015-жылы Кытайдын башкаруучу Коммунисттик партиясынын мүчөлөрүнө гольф-клубдарга мүчө болуп кирүүгө тыюу салынган. Анткени дал ушул чөйрөдө ишкерлер менен чиновниктер арасында коррупциялык мамилелер түзүлүп, пара берүү, алуу болуп келгени белгилүү болгон.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.