Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Кытай армиясын кыскартабы?

Дүйнө
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
407
Кытайдын лидери Си Цзиньпин армиянын санын кыскартууну сунуштап жатат. Анын пикиринде, аскерлердин санын кыскартуу менен армияда реформаларды улантуу зарыл. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук аскер кеңешинин төрагасы да болуп эсептелген Си Цзиньпин армияны реформалоого арналган өткөн апта соңундагы эки күндүк конференциянын учурунда билдирди. Си Цзинпин: “Дүйнөдө азыр согуш негизинен маалымат айдыңында жүрүп жатат, ошондуктан кесипкөйлүк, көп функционалдуулук, илим менен техниканын жетишкендиктерин колдоно билүү өзгөчө мааниге ээ. Биз чоң өзгөрүүлөргө сөзсүз барышыбыз зарыл” деди.
Кошумчаласак, учурда Кытай Элдик-боштондук армиясынын саны 1 миллион 483 миң адамды түзөт. Мыйзам боюнча 18 жаш куракка толгон аскерлер милдеттүү аскер кызматын өтөөсү керек. Ыктыярдуулар 49 жашка чейин кабыл алына берет. Согуш маалында Кытай аскерлердин санын 400 миллион адамга чейин мобилизациялай алат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.