Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

“Кыштак багы” 60 млн долларга бааланды

Дүйнө
02 - Март 2017
www.erkintoo.kg
344
Австриялык живописчи Густав Климттин “Кыштак багы” (Bauerngarten) картинасы кечээ, 1-мартта Лондондогу Sotheby's аукционунда 47,97 миллион фун стерлингге (59,3 млн доллар) сатылды.  Бул тууралуу аукцион үйүнүн сайтында маалымдалды. Сайтта бул Европада жипопис картиналарын сатуудан алынган үчүнчү жолку ири сумма.
Уюштуруучулардын пикиринде, “Кыштак багы” аукционго коюлган картиналардын мыктыларынын бири жана ал Климт тарабынан 1907-жылы тартылган.
Кошумчаласак, 28-февралда Sotheby’sтин атаандашы Christie’s аукцион үйүндө француз постимпрессионисти Поль Гогендин “Үй” деп аталган картинасы - 20,3 миллион фунт стерлингге (25 млн доллардан ашык) сатылган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.