Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Кыргызстандык кыз Измир шаарында өрттөн жабыр тартты

Дүйнө
12 - Март 2018
www.erkintoo.kg
95

Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасында чыккан өрттө кыргызстандык кыз жабыр тартканын КР ТИМинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугунан кабарлашкандай, кырсык болгон жерде төрт адам жабыр тартса, анын бири кыргызстандык М. Ж. кызы экени белгилүү болду. Учурда укук коргоо органдары өрттүн себептерин тактап жатат. 

Консулдуктан кыз жеткирилген ооруканага байланышканда, анын акыбалы оор экенин айтышкан. 

ТИМден дипөкүлчүлүк маселени көзөмөлдөп турганын кошумчалашты.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.