Курс НБ на 20.07.2019 $69,6517 €78,3651

“Кыргыз темир жолунун” Бишкек-Москва багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди токтотулат

Дүйнө
25 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
31

Каттам кечээ Казакстандын Арыс шаарында жайгашкан кампадагы жарылууга байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мекемесинен кабарлашты. Каттам качан жүрө турганы боюнча маалымат айтылган эмес. Эске салсак, 24-июнда Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарына жакын жердеги курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, өрт тутанган. Бир киши каза таап, ооруканага ондогон адамдар түшкөнү кабарланды.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу