Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

“Курманжан датка” орденинин алгачкы ээси Ангела Меркель

Дүйнө
17 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
55
Германиянын тарыхындагы биринчи аял канцлер Ангела Меркель 1954-жылы 17-июлда туулган. Бүгүн 65 жашка толду. Германиялык мамлекеттик жана саясий ишмер. 2005-жылдын 22-ноябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Германиянын канцлери кызматын аркалап келет. 2016-жылы 13-июлда Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий визит менен келген. 2017-жылы 18-февралда экс-президент А. Атамбаев коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышканы барганда Ангела Меркелге “Курманжан датка” орденин тапшырган. Ошентип, 2016-жылы жаңыдан уюштурулган ордендин алгачкы, №1 ээси Ангела Меркель болгон. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.