Курс НБ на 16.12.2019 $69,8482 €78,0693

Кумурскалар да дыйкан болушат

Дүйнө
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
387
Дыйканчылык менен алектенген  кумурскалар Тынч океандын Фиджи аралдарынан табылды. Мааламытка ылайык Philidris nagasau түркүмүнө кирген бул кумурскалар Squamellaria өсүмдүгүнүн кеминде алты түрүнүн уругун дарактардын жаракаларына эгип, аларды өсүшүн такай көзөмөлдөп турат экен. Атүгүл аны өстүрүүдө өздөрүнүн заңдарын жер семирткич катары пайдалануу ыктымалдыгын Германиянын Мюнхен университетинин доктору Гиом Хомски башындагы илимпоздору иликтеп жазышты. Буга чейин кумурскалардын кээ бир түрлөрү козу карынды азык үчүн өстүрүшкөнү белгилүү болчу.  Австралияда дагы кумурскалар дарактардын бутагына оролуп өскөн Squamellaria түркүмүндөгү өсүмдүктөрдү уялап жашагандары мурда байкалган. Бирок анын себебин эч ким билчү эмес, делет “Азаттыка” жарыяланган маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.