Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Кубада арак чыга баштады

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
348
Кубанын Камагуей шаарындагы ичимдик жана суусундук чыгаруучу ишканасы импортту алмаштыруу максатында арак чыгара баштады. Кубанын жаңылык агентствосу маалымдагандай, бул продукт “Пуэрто-Принсипе” деген ат менен чыгарылат. Айына аны 30 миң литрге жакын чыгаруу пландалууда.
Бул жаңы ичимдик Кубада “Караколь” соода тармагынын дүкөндөрүндө, туристтик борборлордо жана түнкү клубдарда сатылат.
Ром кеңири белгилүү болгон  өлкөдө аракты чыгарууга киришээрдин алдында кубалык ишкананын администрациясы керектөөчүлөрдүн 40 градустук ичимдикке болуучу суроо-талаптарын билүү максатында  тыкыр маркетингдик изилдөө жүргүзүп чыгышкан. Анткени, сырттан ташылып келип жаткан арактар кеңири суроо-талапка ээ болуп келгендиктен маркетологдор Кубанын өзүндө чыгарылуучу арак деле  керектөө рыногунда өзүнүн татыктуу ордун ээлейт деп эсептешет.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.