Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Крым татарлары Орусиянын курамында калууну каалашат

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
351
Крым татарлары өзүлөрү жашаган жарым аралды Орусиянын аймактык бөлүгү катары таануу өтүнүчү менен Бириккен Улуттар уюмуна кайрылышты.
“Крым бирлиги” коомдук уюмунун активисттери жарым аралдын БУУ тарабынан Орусиянын аймагы катары таанылышын жана антиорусиялык санкциялардын алынышын колдойт. Мындай кайрылуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркиндин Генассамблеянын 71-сессиясына төрагасы Питер Томсонго жолдогон катына тиркелген.
Эске салсак, Крым жана Севастополь 2014-жылдын март айындагы референдумдан кийин Орусиянын курамына кошулган. Бирок Украина референдумдун жыйынтыктарын алиге чейин тааныбай келет. Ал гана эмес, жарым аралды энергетикалык блокадага алган. 2016-жылдын декабрь айында Крым татарлары бул жагдайды иликтөө өтүнүчү менен да Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылышкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.