Курс НБ на 24.09.2018 $69,1133 €81,3325

“Крис” штормунун даражасы ураганга чейин чоңойду

Дүйнө
11 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
57
Атлантика океанында пайда болгон тропикалык “Крис” шторму биринчи даражадагы ураган деңгээлине чейин күчөдү деп билдирди штаб-квартирасы Майамиде жайгашкан америкалык
Урагандарды байкоо боюнча улуттук борбор. “Крис” учурда Түндүк Каролина штатынын жээктеринен 330 чакырым алыстыкта буркан-шаркан түшүүдө жана секундасына 4,5 м ылдамдык менен түндүк-чыгышты карай жылып келе жатат. Эске салсак, 1-июндан бери Атлантикада урагандардын сезону өкүм сүрүүдө жана ал 30-ноябрга чейин созулат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу