
Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €101,1579

Көп баскан адамга акча төлөнөт
Мындай Жарлыкка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду. Ага ылайык күнүнө 10 миң кадамдан баскан жарандарга 3 миң сумдан (0,3 доллар) төлөнүп турат. Маалыматка караганда, сутка ичинде 10 миң же андан ашык кадам баскандардын электрондук капчыгына 3000 сум которулат. Мындан тышкары айдын жыйынтыгы менен райондо же шаарда эң көп баскан тургунга 300 миң сум (28 доллар), аймакта көп баскан адамга 500 миң сум (48 доллар) жана республикада эң көп баскан жаранга 1 миллион сумдан (100 долларга жакын) берүү каралууда. Бул Жарлык «Сергек жашоо образы» аттуу платформанын алкагында иштелип чыккан. Ал 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгып, мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт. Азырынча ким канча кадам басканын аныктоо иштери тууралуу так маалымат бериле элек.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек