Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

​Космонавт Кононенко менен элчи Атаевага Түркмөнстандын Баатыры наамы ыйгарылды

Дүйнө
26 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
115
Президент Гурбангулы Бердымухамедов кечээ, 25-сентябрда Россиялык космонавт Олег Кононенко менен Түркмөнстандын БУУдагы 1995-жылдан берки туруктуу өкүлү Аксолтан Атаевага “Түркмөнстандын Баатыры” наамын ыйгарды. Аларга наам менен бирге “Алтын ай” төш белгиси да берилет. Россиялык космонавт Олег Кононенко Түркмөнстандын Чарджоу шаарында туулган.
Президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү да Түркмөнстандын эки жолку Баатыры. Өлкөнүн биринчи президенти Сапармурад Ниязов бул наамды алты ирет алган, наам анын атасы Атамурат Ниязовго жана энеси Горбансолтан эжеге да алар өлгөндөн кийин 1992 жана 2002-жылдары ыйгарылган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.