
Курс НБ на 26.01.2021 $84,8000 €102,9302

Коронавирустан кайсы кесип ээлери көп жабыр тартышат
Коронавирус парфюмерияда иштегендерге өзгөчө таасирин тийгизет. Бул туурасында Sputnik радиосуна "Аромаобраз" парфюмердик ательесинин жетекчиси Вероника Бруховецкая айтты. Анын айтымына караганда, жыт билбей калуу коронавирустун эң көп тараган белгилеринин бири жана ага кабылган айрым бейтаптар көп деле кыйынчылыкты сезбейт. Бирок парфюмерлер үчүн жумушунан кол жууганга барабар. Коронавирус болуп ооругандан кийин жыт сезүү бир нече күндөн бир канча айга чейинки аралыкта калыбына келет. Бруховецкая бул процессти жеңилдетүү үчүн жыты аңкыган өсүмдүктөрдү же тамак-аштарды жыттап көрүп, мурунду "машыктырууну" сунуштаган.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек