Курс НБ на 02.07.2020 $78,7872 €89,0098

​Коронавирус күз айларында эле башталган

Дүйнө
01 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
156
Европанын аймагында коронавирус күз айларында эле башталган болушу мүмкүн,-деген пикирди франциялык дарыгер Ив Коэн айтып чыкканын чет өлкөлүк маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматта дарыгер күз айларында пневмония диагнозу коюлган бейтаптардын анализдерин кайрадан текшерип чыкканы айтылат. "Текшерүүгө алынган 14 анализдин ичинен бир адамдын анализинен COVID-19 инфекциясы табылган. Ал 53 жаштагы эркек адам, ооруканага 27-декабрда түшкөн. Бул маалда Кытай жаңы вирус тууралуу маалымат билдире элек болчу. Мындан тышкары Франциянын Кольмар шаарындагы ооруканада эмгектенген дарыгерлер күз айында дарыланып чыгышкан бейтаптардын өпкөсүнүн рентген сүрөттөрүн жарыялашкан. Анда дагы бир адамдан COVID-19 инфекциясынын белгилери байкалган. Жыйынтыгында эки жактын тең адистери Францияга коронавирус ноябрь айынын ортолорунда эле келиши мүмкүн деген бирдиктүү тыянак чыгарышкан", - деп жазылат маалыматта.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу