Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Кореялык иш берүүчүлѳргө кыргызстандык жумушчулар тууралуу маалымат берилет

Дүйнө
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
409
Кыргызстан 2007-жылдан бери EPS (Корея Республикасына жумушчуларды жѳнѳтүү программа) системасына мүчѳ экендигине карабастан, кыргызстандык жумушчулар үчүн иш контракттары аз келет.  Буга негизги себеп кореялык иш берүүчүлѳрдө Кыргызстан жана кыргызстандык мигранттар тууралуу маалымат жетишсиздиги болуп саналат. ( ред жумуш берүүчүлѳр жумушчуларды ѳздѳрү тандашат). Буга байланыштуу, Элчилик Кыргызстан, кыргызстандык жумушчулар жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматы тууралуу агитациялык маалыматты камтыган сапаттуу буклет чыгарды. Бул буклеттер потенциалдык иш берүүчүлѳр – Кореянын кичи жана орто ишканаларына таратылат. Бул тууралуу Кыргызстандын  Туштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.