Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Коло дооруна таандык эки адамдын сөөгү табылды

Дүйнө
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
385
Коло дооруна таандык эки адамдын сөөгү табылды
Тажик археологдору орусиялык антропологдор менен биргеликте Ооганстан менен чектешкен Фархор районунун аймагынан эки адамдын сөөгүн табышты. Алар коло дооруна (б.з.ч. 12-11 кк) таандык.
Фархор райондук музейинин директору Азизулло Муродов көрүстөндө табылган эки адамдын сөөгү бетме-бет жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, орусиялык археологдор алардын эркек менен аялдын сөөктөрү экенин аныкташкан, баш жактарында карапа менен аялдын буюмдары коюлган. Муродов бул аял менен эркек чогуу көмүлгөн экинчи археологиялык табылга экенин белгиледи. «Биз буга чейин да жанаша көмүлгөн эки адамдын сөөктөрүн тапканбыз, бул кандайдыр бир салт болгон окшойт», - деди ал.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.