Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Күн чыгыш өлкөсүндө карылардын күнү белгиленет

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
472
19-сентябрда Японияда улгайган адамдардын күнү белгиленет. Бул күн мамлекеттик майрам болуп эсептелет.
Учурда Күн чыгыш өлкөсүндө курагы 100дөн ашкан 65 миң 692 адам жашайт. Алардын эң эле улуусу 116 жаштагы япон айымы Кагосима префектурасында жашайт. Эркектер арасында эң улгайган деп эсептелген Масамицу Ёсида учурда Токиодо турат. Ал эми Кыргызстан тууралуу кошумчаласак, учурда жашы 100дон ашкан 280ге жакын адам бар.
Балыкчыда машыгуулар башталат
Эртең, 14-сентябрда Балыкчы шаарына жакын жайгашкан аскердик полигондо Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттердин антитеррористтик “Тынчтык миссиясы – 2016” деп аталган машыгуулары башталат. Машыгууларга Орусиянын, Кыргызстандын, Кытайдын, Казакстандын, Тажикстан менен Өзбекстандын аскерлери катышат.
22-сентябрда жыйынтыкталуучу машыгууларга катышуу максатында, бүгүн, 13-сентябрда кытайлык 200 жоокер жана 50 даана аскердик техника Торугарт аркылуу Балыкчы шаарына келип жетти. Бир күн мурда орусиялык аскердик техникалары темир жол аркылуу Балыкчыга жеткирилген.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.