Курс НБ на 03.08.2020 $76,8433 €90,4984

Көмүлгөнү бараткан индус бала тирилип кетти

Дүйнө
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
359
Индиянын Карнатака  штатында өспүрүмдү көмүү үчүн алып баратканда  тирилип кеткен. Бул тууралуу РИА Новости Times of India гезитине шилтеме кылып жазды. Баланын ата-энесинин айтымына караганда,  баланы бир ай мурда ит тиштеп, бир нече жума бою дене табы түшпөй койгон. Акыбалы  начарлай  баштаганда ооруканага алып барып, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Дарыгерлер  аппаратсыз жашай албай тургандыгын айтканда ата-энеси акчасынын жоктугунан үйүнө алып кеткен. Бала сүйлөбөй жатып калганда ата-энеси аны каза болуп калды деп ойлогон. Көмчү жерге  эки чакырымдай калганда бала көзүн ачып, колу-бутун кыймылдаткан. Дарыгерлер учурда бала ооруканага  "менингоэнцефалит" дарты менен жаткырылгандыгын билдиришкен.
Айнура Шайкеева

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.