Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Келиндер кемсинип жашашат

Дүйнө
06 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
25
Тажикстандын консервативдүү коомчулугунда келиндерге психологиялык басым көрсөтүү, аларга жалган жалаа жабуу жана кемсинтүү учурлары бар. Бул тууралуу Тажикстандагы “Татыктуу жашоо” долбоорунун алкагында иш алып барган Alert International эл аралык уюму айтып чыкты.
Долбоордун алкагында 80 үй-бүлөдөгү келиндер менен кайненелердин мамилелери иликтөөгө алынган. Сурамжылоого катышкан 52 жаштагы Курбангүл Бобиеванын төрт келини бар жана алар менен ынтымакта жашайт. Себеби өзү жаш кезинде кайненеси тарабынан психологиялык жана физикалык зомбулукка кабылган. Расмий маалыматтар боюнча Тажикстан калкынын 57 пайызын аялдар түзөт. Укук коргоо уюмдарынын пикиринде, ар бир үчүнчү аял кайын- журту тарабынан физикалык жана психологиялык кысымга кабылат.-делет маалыматта.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу