Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

​Кең пейил адамдар да бар экен

Дүйнө
03 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
22
Кафенин кардарлары жумушуна күн сайын барып, кайра келүү үчүн беш саат жөө баскан официантка унаа белек кылышты. Бул туурасында  Daily Mail басылмасы жазды. Аталган окуя Техас штатындагы Галвестон шаарында болгон. Анда Адрианна Эдвардс аттуу кыз жумушка барып, кайра келүү үчүн жалпысынан 45 чакырымды басып өтүп, ага беш саат убакыт короткон. 26-октябрда ал жубайларды тейлеп кызмат көрсөткөн.  Жубайлар кыз жумушка көп жол басып келерин билип калышып, бир нече сааттан кийин кызга 2011-жылы чыккан Nissan Sentra үлгүсүндөгү унаа алып келишкен. Кыз алгач муну тамаша деп ойлоп ишене алган эмес.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу