Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Казактар президент Токаевди Москвада Путин тосуп албагандыгына капабы?

Дүйнө
05 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
90
3-апрелде Россияга расмий сапар менен барган Президент Касым-Жомарт Токаевди аэропортто эмне үчүн Путин же Медведев тосуп албагандыгын Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев “Хабар” телеканалынын “Ачык диалог” программасы аркылуу түшүндүрдү. Дипломатияда сапарлар мамлекеттик, расмий, жумушчу жана расмий эмес деп бөлүнөт жана алардын ар биринин протоколдук өзгөчөлүктөрү бар. Расмий сапарга баргандарды элчилер жана протоколдук кызматтын жетекчилери тосуу каралган. Бирок, Токаевди Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алгандыгын эле конокко көрсөтүлгөн жогорку урмат болуп эсептелет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.