Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​Казакстандын саламаттыкты сактоо министри БСУнун Европалык регионалдык комитетинин 70-сессиясынын төрагасы болуп шайланды

Дүйнө
15 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
26
Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) Европалык регионалдык комитетинин кезектеги 70-сессиясынын төрагасы болуп шайланды. Регионалдык комитеттин сессиясы эки күнгө созулат жана ага БСУга мүчө 53 мамлекеттин саламаттыкты сактоо министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда деп билдирди кечээ, 14-сентябрда Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Виртуалдык форматта өтүп жаткан сессия бүгүн 15-сентябрда жыйынтыкталат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу