Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

​Казакстандагы парламенттик шайлоолорго 398 байкоочу көз салат

Дүйнө
05 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
79
Кечээ, 4-январда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп, анда 10-январга дайындалган Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине жана маслихаттарга депутаттарды кезектеги шайлоого карата эл аралык уюмдар менен чет мамлекеттерден байкоочуларды аккредитациялоо аяктады деп билдирди БШКнын басма сөз кызматы
Отурумга саясий партиялардын, ЕККУ/ДИАУБ жана КМШ миссияларынын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссиялары – видеоконференциялык байланыш режиминде, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү – онлайн режимде катышышты.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Анастасия Шегорцева чыгып сүйлөдү. Ал берген маалыматка караганда, 2020-жылдын 29-декабрынан 2021-жылдын 4-январына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына Тышкы иштер министрлигинен 4 эл аралык уюмдун жана 7 чет мамлекеттин 24 байкоочусун кошумча каттоо сунушу келип түшкөн.
Бул жагдайга байланыштуу отурумдун алкагында Боршайком сөз болуп жаткан эл аралык уюмдар менен чет мамлекеттердин байкоочуларын аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Отурумду жыйынтыктаган Боршайкомдун төрагасы Берик Имашев эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин байкоочуларын аккредитациялоо маселеси буга чейин Боршайкомдун 7 отурумунда каралгангандыгын эске салды.
“Казакстан Республикасындагы шайлоолор жөнүндө” Конституциялык мыйзамга ылайык, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын байкоочуларын аккредитациялоо добуш берүүгө 5 күн калганда, тагыраак айтканда 4-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18-00дө аяктады.
Ошентип, Казакстан Республикасынын Мажилисине жана маслихаттарына кезектеги шайлоолорго карата чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын байкоочуларын аккредитациялоонун жыйынтыгында алардын жалпы саны 398ди түздү, алардын ичинен:
- 322 байкоочу 10 эл аралык уюмдун (КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынан – 48, КМШ Аткаруу комитетинен – 179, Ислам кызматташуу уюмунан – 4, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан – 42, Шанхай кызматташуу уюмунан – 15, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинен – 7, Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынан – 7, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынан – 9, Европалык шериктештиктин Казакстандагы өкүлчүлүгүнөн – 2) өкүлдөрү;
- 76 байкоочу 31 чет мамлекеттин (Иордания, Кыргызстан, Мальдив, Молдова, Түркия, Азербайжан, Армения, Индонезия, Өзбекстан, Россия, Румыния, Индия, Филиппин, Венгрия, Испания, Норвегия, Франция, Швейцария, Польша, Чехия, Италия, Эстония, Украина, Германия, Бельгия, Палестина, Улуу Британия, Монголия, Швеция, Канада, Финляндия) өкүлдөрү.
Отурумдан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурулуп, анда Боршайкомдун мүчөлөрү журналисттердин суроолоруна жооп кайтарышты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу