Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

​Казакстандагы парламенттик шайлоого 5 саясий партия, 312 талапкер катышат

Дүйнө
06 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
71
2021-жылдын 10-январы Кыргызстан менен Казакстандын тарыхында маанилүү окуялардын күнү катары жазылып калмакчы. Анткени, бул күнү Кыргызстанда президенттик шайлоолор жана мамлекеттик башкаруунун үлгүсүн аныктоо боюнча жалпы элдик референдум, ал эми Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына (Мажилиске) депутаттарды кезектеги шайлоо өткөрүлөт.
 
Мажилиске шайлоолор акыркы 16 жылдан бери биринчи жолу өзүнүн конституциялык мөөнөтүндө өткөнү турат. Кезектеги шайлоо соңку ирет 1999-жылы өз мөөнөтүндө, андан кийин 2004 жана 2007-жылдары кезексиз өткөн.
Шайлоолор пандемия шартында жана шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңыча өтүп жаткандыгы менен да өзгөчөлүү. Парламенттик шайлоолор менен бирге 11-январда жергиликтүү бийлик органдары болуп эсептелген бардык деңгээлдеги маслихаттарга шайлоолор өтөт.
Өкүм сүрүп жаткан экономикалык кризис жана пандемия шартында Казакстан үчүн өлкөдө саясий туруктуулукту камсыздап, өнүгүү үчүн маанилүү чечимдерди чечкиндүү кабыл ала турган парламент зарыл. Белгилей кетүүчү жагдай Казакстан туруксуздук өкүм сүргөн дүйнөдө туруктуу өнүгүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири.
 
Кимдер депутат боло алат?
 
2007-жылдан бери мажилистин курамы 107 депутаттан турат: алардын 98и партиялык тизмелердин негизинде пропорционалдык шайлоо системасы боюнча, 9у партияда жок көз карандысыз депутат катары Казакстандын калк Ассамблеясы тарабынан шайланышат.
Учурда Мажилистин курамында үч саясий партиянын - Nur Otan (81 депутат), "Народные коммунисты" жана"Ак жолдун" (7ден депутат) өкүлдөрү бар. Булардын иштөө мөөнөтү 2021-жылдын 24-мартында аяктайт.
“Казакстан Республикасындагы шайлоолор жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, Мажилиске шайлоолор өлкө президенти тарабынан аракеттеги чакырылыштын мөөнөтү аяктоого беш ай калганда дайындалат. Ошондуктан, Президент Касым-Жомарт Токаев “Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине депутаттарды кезектеги шайлоолорду дайындоо жөнүндө” жарлыкка үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында кол койгон.
Бул жолку шайлоого бардыгы болуп 5 саясий партиянын 312 талапкери катышмакчы. Алар кайсылар?
1.    Бийликтеги Nur Otan.
2.    “Ак жол” Казакстандын демократиялык партиясы.
3.    "Ауыл" Элдик-демократиялык партиясы.
4.    ADAL” саясий партиясы.
5.    Казакстандын элдик партиясы
“Казакстан Республикасындагы шайлоолор жөнүндө” мыйзамга ылайык, курагы 25 жаштан кичүү болбогон, акыркы 10 жылда Казакстанда туруктуу жашаган жарандар парламенттин депутаттыгына шайлана алышат. Соттуулугу жоюлбагандар, ошондой эле коррупциялык кылмыштар же башка укук бузуулар боюнча соттолгондор өз талапкерликтерин көрсөтө алышпайт.
Шайлоого катышууга белсенген саясий партияларды каттоо 10-декабрда аяктап, учурда кызуу жүрүп жаткан үгүт өнөктүгү 2021-жылдын 9-январында токтотулат.
 
Шайлоонун өзгөчөлүгү
 
Президент Касым-Жомарт Токаев өзүнүн казакстандыктарга кайрылуусунда мыйзамга парламенттик оппозиция институту киргизилип жаткандыгын билдирген. Тагыраак айтканда, Мажилистеги комитеттердин биринин төрагасы жана эки катчысы парламенттик оппозиция курамындагы депутаттардан дайындалат.
Парламенттик оппозиция бир сессиянын жүрүшүндө бир жолудан кем эмес парламенттик угууларды демилгелөөгө, ошондой эле экиден кем эмес ирет өкмөттүк сааттын күн тартибин аныктоого укуктуу болот.
Саясий партиялардын фракцияларынын жетекчилерине парламент палаталарынын кошмо жыйындарында, Мажилистин пленардык отурумдарында, туруктуу комитеттердин, жумушчу топтордун отурумдарында, парламенттик угууларда сөз сүйлөө укуктары кепилденет.
Мындан тышкары, мыйзам боюнча партиялык тизмелердин 30 пайызын жаштар жана аялдар түзүшү керек.
“Бул эреже аялдар менен жаштарды парламентке жана жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдарга тартуунун кайтарымдуу механизмине айланат, алар өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушуна активдүү катыша алышат”, - деп Касым-Жомарт Токаев баса белгилеген. Маслихатка шайлоолор биринчи жолу партиялык тизмелер боюнча өткөрүлөт.
Алтынчы чакырылыштагы Мажилистин депутаттык корпусунун орточо курагы 56 жашты түзөт. Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык аялдар жана жаштар үчүн 30 пайыздык квотанын киргизилиши мажилистин курамын кыйла жашартат деп белгилешет саясат таануучулар. Квоталардын сакталышы Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлдөнөт.
Пропорционалдуу өкүлчүлүк негизинде партиялык тизмелер боюнча маслихаттарга шайлоо өткөрүү ири партиялар үчүн “сыйлуу орундарды” минимумга түшүрүп, чакан партиялардын жергиликтүү аткаруу органдарына өз өкүлдөрүн киргизүүсүнө мүмкүндүк берет.
 
Убадалар
Мисалы, бийлик партиясы аталып келе жаткан Nur Otan экономикалык кубаттуу, гүлдөгөн, демократиялуу, укуктук жана социалдык багыттагы мамлекет курууну, улуттар жана диндер аралык ынтымакты жана коомдогу туруктуулукту камсыздоону өзүнүн башкы максаты деп эсептейт. Аталган партия 2016-жылдагы шайлоодон бери Мажилисте туруктуу көзөмөлдү сактап келет. Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан кеткен менен партиянын төрагалык тизгинин эч кимге берген жок. Ачык атаандаштыкты күчөтүү максатында быйыл 1-3-октябрда онлайн режимде ички партиялык праймериздер өтүп, аларга 10 000ге чукул талапкерлер катышты. Nur Otan шайлоо тизмесине бул ирет 126 талапкерди киргизди.
Ал эми шайлоону ачык жана калыс өткөрүүгө чакырык таштаган “Ак жол” партиясынын максаты да эл мүдөөсүнө төп келип турат десе болот. Ар бир жарандын эркин өнүгүүсүнө зарыл шарттарды түзүү, алардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, бардык казакстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, Казакстанда экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүгө жетишүү анын негизги максаттарынын өзөгүн түзөт. Партия 2020-жылдын 20-ноябрында өзүнүн 16-кезексиз съездин өткөрүп, төрагасы Азат Перуашев шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо Белоруссия, Кыргызстан жана Украинадагыдай саясий кризистерге кириптер кылышы мүмкүн экендигин эскертти. “Ак жол” партиясы Казакстанда президенттик системадан парламенттик республикага өтүүнү колдойт. Анын шайлоо тизмесинде азыр 38 талапкер бар.
Өлкөдө саясий реформаларды жүзөгө ашыруу, бардык багыттар боюнча өнүгүүгө жетишүү максаттары “Ауыл” элдик демократиялык патриоттук партиясынын жана “ADAL” саясий партиясынын программаларында камтылган. Казакстандын элдик партиясы нагыз элдик бийликке негизденген коомду курууга, социалдык адилеттүүлүккө умтулууну башкы максат деп эсептейт.
Ноябрь айында ребрендинг өткөрүп, аталышындагы “коммунисттик” деген сөздөн баш тарткан партиянын тизмесиндеги 113 талапкердин 36сы аялдар, 77си эркектер. Талапкерлердин орточо курагы 46, эң жашы 25те, улуусу 67де.
“ADALдын” тизмесинде 16, “Аулдын” тизмесинде 19 талапкер бар.
 
Үгүт өнөктүгү
Саясий партиялардын шайлоо алдында үгүт иштерин тоскоолдуксуз жүргүзүүсүнө мамлекет тарабынан кепилдик кылынат, бирок үгүт иштерине мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын, аскер кызматындагылардын, күч түзүмдөрүндө иштегендердин, чет элдик жарандардын жана юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк маалымдоо каражаттарынын катышуусуна жол берилбейт.
Үгүт иштери жалпыга маалымдоо каражаттары, шайлоо алдындагы жолугушууларды, массалык иш-чараларды уюштуруу, басма жана үгүт материалдарды таркатуу аркылуу жүргүзүлөт.
Үгүт материалдарын жайгаштырууга аянттарды, эфирдик убакыттарды берүүнүн жана төлөөнүн шарттары алдын ала жарыяланып, Борбордук шайлоо комиссиясына берилген. Бүгүнкүгө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына 216 маалыматтык билдирүүлөр түшүп, алардын баарысы БШКнын интернет-ресурстарына жайгаштырылган. Республикалык жана аймактык ЖМКларда баа саясатын ачыктабастан үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат.
Үгүт иштери башталгандан тарта саясий партиялардын программалык максаттарын чагылдырган бардык маалыматтар алардын шайлоо фондуларынын эсебинен каржыланат. Саясий партиялардан үгүт материалдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына берүү учурунда алардын Конституциялык жана улуттук шайлоо мыйзамдарына шайкеш келүүсү талап кылынат.
Үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана башка шайлоо алдындагы иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат. Мыйзамга ылайык мындай иш-чараларды өткөрүү үчүн алдын ала 10 күн мурда жергиликтүү аткаруу органдары менен макулдашуу зарыл.
Шайлоо комиссиялары жергиликтүү аткаруу органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте бөлүнгөн жайларда талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графиктерин бекитип, алар тууралуу маалыматтарды ЖМКларда жарыялайт. Ачык жолугушууларда атайын даярдалган басма жана иллюстративдик материалдарды, төш белгилерди, желекчелерди акысыз таркатууга уруксат берилет. Ал эми товарларды акысыз же арзандатылган шарттарда, баалуу кагаздарды таркатууга, лотереяларды ойнотууга, кайрымдуулук акцияларын уюштурууга, акча төлөөгө же убада кылууга тыюу салынат.
 
Эске салсак, Кыргызстанда жашаган жана иштеген казак жарандары шайлоодо добуш берүү үчүн Казак Республикасынын Элчилигине (консулдугуна) +996 312 56-53-76; +996 755-338-585 телефондору аркылуу кайрылып же bishkek@mfa.kz электрондук дареги боюнча өзүлөрүн тизмеден алдын ала текшере алышат.
Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине шайлоолор 2021-жылдын 10-январында Бишкек ш., Тынчтык көчөсү (Ч.Айтматов), 95А дарегинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.00дөн 20.00гө чейин өтөт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу