Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

Казакстанда сууктан улам мектептер жабылды

Дүйнө
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
22
Катуу суукка байланыштуу Караганды, Павлодар, Көкчөтоо, Чыгыш-Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде окуу убактылуу жабылды. Ошондой эле,  Астанадагы колледждердин биринчи курсунда окугандарга да сабакка келбей коюуга уруксат берилди. "Казакавтодор" мекемесинин маалыматына ылайык, суукка  байланыштуу Павлодар облусундагы, Астанадан чыгуучу жолдор жабылган. Ошондой эле,  Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Акмоло облустарында коомдук жана дизель менен жүргөн транспорт токтотулду. Катуу суук тууралуу аптанын башында эле кабарланган. Анда 45 градуска чейин суук болору айтылган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу