Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Казакстанда куран окутууга келген 58 киши этке ууланды

Дүйнө
13 - Март 2018
www.erkintoo.kg
85

Казакстандын Акмола облусунда 58 киши эттен ууланганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Башында Шортанды айылында уулануунун белгилери менен 45 киши дарыгерге кайрылганы айтылган. Эми аларды саны 58ге жетип, 15 киши ооруканага жаткырылса, 43 киши амбулатордук дарыланууда.

Аталган факты боюнча Акмола облусунун коомдун саламаттыгын сактоо департаменти тарабынан эпидемиологиялык текшерүү жүрүп, оорунун чыгуу себеби аныкталган.

Дарыгерлердин айтымында, уулангандар 6-мартта Шортанды айылында түштө куран окутууга барып, бышырылган эт жешкен. 5-мартта эт санитардык абалы начар болгон кампада бышырылып, ошол эле жерден устукандалган. Ал эми беш бармактын камыры Егемен деген айылда бышырылган. Устукандалган эт 10 сааттан ашык үйдүн температурасында сакталып, Шортанды айылындагы кафеге алып келинген.

Андан сырткары куран окутуу өткөн коомдук тамактануу жайы да текшерилген. Куран окутууга жалпысынан 150 киши келген. Алардын жарымы башка шаар, аймактардан келген.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.