
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Казакстанда карантин чаралары күчөтүлөт
Бул тууралуу казак өкмөтү 18-июнда кабарлады. Маалыматка караганда Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар менен Экибастуз шаарларында чектөө чаралары күчөтүлөт. 20-21-июндан тартып бул шаарларда соода борборлору, базарлар, парктар, аквапарктар, суу жээктери, фитнес-борборлор жабылып, коомдук транспорттун ишине чектөө кирет. Кафе-ресторандар ачык асман алдында иштейт, кардарлар арасында аралык сакталууга тийиш.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек