Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Казакстанда айыл тургундарынын куралдуу кагылышуусунан бир киши каза болду

Дүйнө
08 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
28

Казакстандын Жамбыл облусундагы эки айыл тургундарынын ортосундагы куралдуу кагылышуудан бир киши каза болуп, жетөө жаракат алды. Бул тууралуу облустук ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдирди деп жазды Борбордук Азия жаңылыктар кызматы.

Полициядан кабарлашкандай, Аса жана Кумтыйын айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы жаңжал 7-ноябрга оогон түнү болгон. Окуя 6-ноябрда эки айыл ортосунда каттаган автобус жүргүнчүлөрүнүн урушунан башталып, кийин түн ичинде уланган.

«Кечинде эки айыл жашоочуларынын ортосунда ок атылып, жаңжал чыккан. Жыйынтыгында райондук ооруканага түрдүү жаракаттары менен жети киши кайрылды. Андан тышкары Каракемер айылынын 30 жаштагы тургуну алган жараатынан каза болду», — деп билдиришти полициядан.

Бул иш боюнча тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу