Курс НБ на 19.06.2018 $68,3208 €78,9344

Казакстанда 45 жүргүнчүсү бар автобус оодарылып кетти

Дүйнө
12 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
172

Казакстанда Егиндыбулак — Караганда каттамы боюнча бараткан автобус 45 жүргүнчүсү менен оодарылып кетти. Жыйынтыгында үч киши жабыркап, жакынкы айылдагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкө ИИМинин алдындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин расмий өкүлү Руслан Иманкулов билдирген.  
Маалыматка караганда,  Setra үлгүсүндөгү автобус Караганда — Аягоз — Бугаз унаа жолунун 103-чакырымында кырсыкка кабылган.

 11-январда аба ырайынын начарлашына байланыштуу өлкөнүн алты аймагындагы, анын ичинде автобус оодарылып кеткен Караганда облусундагы республикалык маанидеги трассаларда кыймыл чектелген.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.