Курс НБ на 27.05.2019 $69,8500 €78,1272

Казакстанда 2022-жылдан тарта Tax Free системасы киргизилет

Дүйнө
13 - Март 2019
www.erkintoo.kg
50
2022-жылдан тарта Астана, Алматы жана Шымкенттин аэропортторунда чет элдик жарандар үчүн кошумча нарк салыгын кайтарып берүүчү Tax Free системасын киргизүү пландалууда деп билдирди bnews.kz. Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын айтымында, Казакстанда Tax Free системасы Евросоюз өлкөлөрү, Австралия, Таиланд, Сингапур жана КМШнын бир катар өлкөлөрүнүн тажрыйбаларына таянуу менен киргизилет. Бул системанын жардамы менен көптөгөн өнүккөн өлкөлөр соода жүгүртүү көлөмүн эле эмес, шопинг-туристтердин агымын да көбөйтө алышты. Tax Free системасы – 2019-2025-жылдарда Казакстанда туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада каралган чаралардын бири жана ал туристтердин агымын төрт эсе көбөйтүшү керек.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу