Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

Казак туугандардын коюну толо кубаныч

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
391
“Быйыл Казакстан менен Кыргызстанда сугат суу маселесинде көйгөй жаралбайт”, - деп айтты бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айдос Бозжигитов Sputnik-Казахстан радиосуна берген маегинде.
 Айтымында, ушул тапта Киров суу сактагычында 500 млн куб суу мелт-калт бойдон турат, Токтогулдун чөйчөгүндөгү суу да долбоордук чекке жетип калды. Ошондуктан, быйыл суу талаш болушу мүмкүн эмес – эки өлкө трансчекаралык сууларды сарамжалдуу пайдаланууга аракет жасайт.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.