Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Кавалерист Казыбек

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
366
АКШнын Калвер атындагы Аскер академиясында үч жылдан бери билим алып жаткан казакстандык Казыбек Ермегияев 20-январда Трамптын инаугурация салтанатына катышты.
Казыбек АКШ президентинин ант берүү салтанатында парадга катышкан 50 кадеттин бири болуп калды. Ал ошондой эле жаңы вице-президент Майкл Пенстин бал кечесинде АКШнын жана Индиана штатынын желектерин кайтарган төрт кадеттин бири болду.
Казыбек “Астана ЭКСПО-2017” УК” АКнын экс-төрагасы Талгат Ермегияевдин уулу. Аскер академиясына үч жыл мурда тапшырган жана окуудагы ийгиликтери үчүн 120 жылдык тарыхы бар Black Horse Troop деп аталган элиталык кавалериялык отрядга кабыл алынган.
Казыбек билим алып жаткан Аскер академиясы Генри Харрисон Калвер тарабынан 1894-жылы негизделген.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.