Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Катардын авиакомпаниясы абада жаңы рекорд жаратты

Дүйнө
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
450
Кечээ, 6-февралда эртең мененки саат 7.30та Qatar Airways авиакомпаниясынын самолету QR920 түз рейси боюнча Катардын борбору Дохадан Жаңы Зеландиянын Окленд шаарына келип конду. Учуу эч жерге токтоосуз 16 саат 20 мүнөткө созулду. Бул убакыт аралыгында 5 мамлекет аркылуу 14 535 чакырым арылыкты басты.
Кайра кайткан жолдо самолет абада 17 саат 30 мүнөт болот. Бул дүйнөдөгү эң узак убакытка созулган токтоосуз коммерциялык каттам болуп калды.
Буга чейин Делиден Сан-Франциского чейинки 15 298 чакырымдык аралыкта 14,5 сааттык учуу рекорду Air India компаниясына таандык болгон.
Сингапурдун Singapore Airlines авиакомпаниясы кечээки рекорду басып өтүү максатында 2018-жылы Нью-Йоркко 19 саатка созулуучу токтоосуз аба каттамын уюштурууга белсенүүдө.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.