Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

​Касым-Жомарт Токаевден катуу сөгүш

Дүйнө
16 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
49
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 15-июлда өткөн өкмөттүн кеңири жыйынында өлкөнүн коргоо министри Нурлан Ермекбаевге катуу сөгүш жарыялады. Н.Ермекбаев коргоо минитстри кызматына 2018-жылдын 7-августунда дайындалган. Аскердик чини генерал-майор. 1986-жылы СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик Кызыл Туулуу институтунун Чыгыш факултетин артыкчылык менен аяктап, кытай жана англис тилин билген офицер адистигине ээ болгон. 1986-1991-жылдары ал Кыргызстандын Ош облусунда , Казакстандын Чыгыш-Казакстан жана Алматы облустарында кызмат өтөгөн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.