Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Каспий деңизиндеги Түркмөнбашы булуңунда жарым ай түрүндөгү жасалма арал пайда болот

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
376
Учурда түркмөнстандык жана чет өлкөлүк жаратылышты коргоо мекемелеринин адистери жасалма аралдын платформасына экологиялык мониторинг жүргүзүүдө.
Арал жарым ай түрүндө болот. Анын периметри 7 чакырымды, суудан бийиктиги 4-5 метр, жалпы аянты 160 гектарды түзөт. Эки жылдан бери түптөлүп жаткан жасалма арал үчүн 2,5 миллион тонна кум-шагыл аралашмасы жана трубалар аркылуу деңиз таманынан 16 миллион тонна уюган ылай ташылган.  Жасалма арал келечекте экологиялык туризм объектисине айландырылат.
Эске салсак, мындай үч жасалма Пальмалар аралы Дубайдын жээгинде курулган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.